• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Смартфон аркылуу 1-класска бара турган баланы жаздырып коюуга болот – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Бишкектеги мектептерге балдар электрондук кезек менен гана кире алышат. Система арыздарды компьютер гана эмес, телефон аркылуу да кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, баланы мектепке күнү-түнү http://mektep.edu.gov.kg/. сайты аркылуу каттап койсо болот. Ошол эле жерде мектептердин жана арыздардын статистикасын көрүүгө болот.

Мектептерге электрондук жазылуу адамдык факторду толугу менен четке чыгарат. Ар бир ата-эне баласынын кезек боюнча жылуу процессин көзөмөлдөй алат. Ал үчүн сайттын “статусту текшерүү” бөлүмүнө кирүү керек. Андан кийин баланын жеке каттоо номурун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номурун териши керек.

Пикир

Оставить комментарий