• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө “Кыргыздын улуттук оюндары” фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 06.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында 21-мартта “Кыргыздын улуттук оюндары” аталыштагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине фестивалдын уюштуруу комитети Бегимай Мукашева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара этно маданий туризмди жана көчмөн маданияттын салттарын жандандыруу максатында өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын программасында концерт, кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндар, кыска убакыттын ичинде бой үй тигүү сынагы, улуттук аңчылык “Салбуурундун” элементтери көрсөтүлөт.

Андан тышкары, мастер-калсстар жана Түштүк жээгиндеги кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот.

Фестиваль “Кара-Жорго” бийин бийлөө менен аяктайт.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий