• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Кѳлдө мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо менен алектенген жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Ысык-Кѳл облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо менен алектенип жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган жарандарга жалпы суммасы 32 миң 500 сом айып салынып, 15 миң сом доо коюлду.

Бардык мыйзам бузууларга жеринде акт түзүлүп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий