• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.11.2018 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Ысык-Көл облусунда браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы пландык рейд жүрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук администрациядан кабарлашты.

Аталган иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн аппаратынын, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик коругунун жана облусттук ички иштер башкармалыгынын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери катышууда.

Алгачкы эки күн ичинде белгиленген балыктар өрдөөчү тилкелерде мыйзамсыз орнотулган 20 чакырымдан ашык балык уулоочу торлор алынды.

КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында браконьерликтин кесепетинен жалпы Ысык-Көлдүн экологиясына зыян тийиши мүмкүн.

"Биз келечек жөнүндө азыртан ойлонуп жоопкерчилигибизди сезишибиз керек. Бул боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Биз түшүнөбүз, айрым жарандарыбыз финансалык муктаждыктан бул ишке барууда, ошол эле мезгилде белгилей кетээр элем, мыйзам сыйлаган жарандарыбыз эл аралык донорлор аркылуу форель, карп жана башка балыктын түрлөрүн өстүрүү боюнча жакшы долбоорлорду ишке ашырууда",-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, аталган рейд Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы балук өрдөөчү белгиленген тилкелерде тынымсыз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий