• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда балдарга орой мамиле жасаган 2 кызматкер иштен алынып, жетекчисине сөгүш жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы балдар бакчаларынын биринде балдарга орой мамиле жасаган тарбиячы жана бала багуучу кызматтан бошотулган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Мурда социалдык түйүндөрдө Жалал-Абад шаарындагы №21 балдар бакчасында тарбиялануучу менен бала багуучу балдарга орой мамиле жасаганы тууралуу видео тараган.

"Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмү дароо реакция жасап, өз ишинде кемчилик кетирген тарбиячы И. к. Ш., жана бала багуучу М. Д., ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми балдар бакчасынын башчысы Оксана Щербинага ушундай кемчиликтерге жол бергени үчүн сөгүш жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

"Мындай учур бизде биринчи жолу катталып жатат. Мурда мындай факты болгон эмес. Биз билим берүү бөлүмүндө атайын жыйын өткөрүп, иштин жайын талкуулап чыктык жана тийиштүү кызматкерлерге мыйзамга ылайык тартиптик жаза чараларын көрдүк. Азыркы тапта башка бардык балдар бакчаларында мындай көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу боюнча иш-чараларды көрүп жатабыз. Буюрса эми мындай терс көрүнүш бизде болбойт", - дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев.

Бул терс көрүнүшкө Жалал-Абад шаарынын мэриясы да дароо реакция жасады жана шаардагы бардык балдар бакчаларындагы иштерге мониторинг жасоо боюнча буйрук чыкты.

"Биз атайын буйрук менен бардык балдар бакчаларындагы эмгектенип жаткан кызматкерлердин квалификациясын текшерип чыгуу үчүн комиссия түздүк. Аны шаардын вице-мэри жетектеп, курамы 5 кишиден турат. Максатыбыз - мындан ары балдар бакчаларында терс көрүнүштөргө жол бербөө жана тарбиялык иштердин сапатын арттыруу", - деп билдирди шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков.

М. Адылбековдун айтымында, жүз берген терс фактыга укуктук баа берилиши зарыл, ошондуктан да шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан бул боюнча кылмыш иши козголду жана прокуратура органдары тарабынан да текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгында кызматкерлерге укуктук баа берилет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад ИИБнен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, Дильфуза Жаратова аттуу жаран милицияга кайрылып, №21 бала бакчанын тарбиячысы кызын сабап койгондугун айткан.

Пикир

Оставить комментарий