• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдүн аймагына полиэтилен пакеттерин киргизүүгө тыюу салуу боюнча угуу өттү

Коом 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан “жашыл экономикага» өтүү алкагында иштелип чыккан “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” жана “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаев Ысык-Көл кылаасынын жаратылышы менен экологиясын коргоо боюнча келип түшкөн кайрылуулардан улам, Ысык-Көл биосфералык аймагында полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору иштелип чыкканын айтты.

Талкууда Ысык-Көл районунун акими Дамир Иманалиев Ысык-Көл облусундагы 83 калдык сактоочу жайдын 58 талапка жооп бербестигин, ага жер тилкелеринин трансформацияланбай жаткандыгы кедергисин тийгизип келе жаткандыгына парламенттик угуунун катышуучуларынын көӊүлүн бурду.

Акимдин айтымында, жер-жерлерге, кокту-колотторго жайылган целлофан баштыкчалары менен пластик бөтөлкөлөрдү терип-жыйноого болот, бирок көлдүн ичиндеги пластик таштандыларды тазалоого мүмкүнчүлүк болбой жатат.

"Ысык-Көл ойдуӊундагы саркынды сууларды тазалоочу системанын начардыгы менен пластик таштандылардын көлгө ташталуусу көлдөгү чабактардын жок болуусуна алып келүүдө", - дейт район башчысы.

Ошону менен катар Иманалиев райондогу таштандыны кайра иштетүүчү ишкананын техникалык-экономикалык негиздемесин жазууга сынак жарыяланганын, жер тилкеси дагы караштырылып жатканын кошумчалады.

Ал полиэтилен пакеттер менен пластик идиштер боюнча айыппул салуу ыйгарым укугун жергиликтүү комиссияларга берилсе деген сунушун берди.

Угуунун дагы бир катышуучусу таштанды иштетүүчү ишкана ачууга бир топ каражат жана убакыт талап кылынаарын белгилеп, андан көрө Ысык-Көлдөгү 5 районго таштандыны кайра иштетүүчү 5 чакан цех ачууну сунуш кылды. Ага тиешелүү долбоорлор дагы даяр экенин кошумчалады.

Ал эми "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын өкүлү мыйзам долбоорун толугу менен колдоорун, ар тараптан кызматташууга даярдыгын айтты.

КР рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү боюнча ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев ишкерлердин укуктары дагы эске алынышы керектигин айтып, баланс сакталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча ой-пикирин билдирди.

Угууга катышкан ишкерлер чөйрөсүнүн бир катар өкүлдөрү дагы ишкерликтин өзгөчөлүктөрүн эске алууну өтүнүштү.

Алардын бири пакет – бул технологиялык каражаттардын бири экенин эске салып, мыйзам долбоорун дыкат талкуулоону улантып, орток бир вариант табууну сунуш кылды.

Жыйынтыгында угууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен сунуштама кабыл алынмай болду.

Пикир

Оставить комментарий