• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөн дээрлик 200 күндүн ичинде 22,5 тонна таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 198 күндүн ичинде 22 тонна 459 кг таштанды жана 143 миң метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Суучулдар бул жолу Түп районунун Ой-Тал, Жаркынбаев айылдарын жана Түп куймасынынын тушунда тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 352 миң 642, 15 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 456 кг ар кандай таштанды жана 143 миң метр тор тазалашкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий