• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 10 айда дээрлик 200 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Экономика 0

Бишкек. 02.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-октябрь айларында 199 млрд 938,5 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгилеген план 2,9 млрд сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу Мамекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын ичинде салык жана төлөмдөр 147 млрд 999,1 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 51 млрд 939,4 млн сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезигилен салыштырмалуу 34,1 млрд сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий