• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктаганга шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктаганга шектелүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июлда саат 19:40 чамасында милицияга 6 жаштагы кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“16 жаштагы өспүрүм 6 жаштагы кошунасын үйүнө алып келген. Кыз аны тааныгандыктан үйүнө кирүүгө макул болгон. Өспүрүм ошол убакта үйүндө жалгыз болгон. Учурдан пайдаланып өспүрүм күч колдонуп кызды зордуктап салган. Анын үйүнөн кыздын шымы жана ич кийими табылган”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуядан кийин кыз үйүнө барып, апасына даттанган. Апасы кызы менен Жети-Өгүздөгү ооруканага барып, дарыгерлер кыздын кыздыгы жабыркагандыгын аныкташкан. Учурда кыз ооруканада.

Аталган факт боюнча экспертизалар жүргүзүлөт. “Жашы жете элек кызды зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий