• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Кабар/. Туристтик мезгилде тез жардам кызматы менен биргеликте, Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык Көл райондук ҮДТнун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаеванын айтымында, Ысык-Көл районунун калкынын саны 79 миң 762 адамга жетет. Райондо 160 эс алуу үйү, пансионаттар бар.

“Тез жардам кызматына эки ай аралыгында 435 кайрылуу келип түшкөн. Алардын 318и жергиликтүү тургундардан, эс алууга келгендерден -117. Ысык-Көл районунда тез жардам кызматын эки кызмат көрсөтөт. Бирөөсү Ананьеводо бир унаа менен, экинчиси үч унаа менен Чолпон-Атада орун алган”,-деп билдирди Жээнбаева.

Мындан тышкары, туристтик мезгилдин соңуна чейин Тамчыда дагы бир бөлүм иштеп жатат.

“Жайында Ысык-Көл районунун тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Көп убакытты алган куру чакыруулар дагы болот. Жарандар тарабынан тез жардам кызматы өтө кеч келет деген нааразычылыктарды угуп келебиз. Бирок аймактын чоңдугу 160 км болгондуктан тез жардам кызматы жеткенче көп убакыт кетип калат. Жайында Чолпон-Атада массалык түрдө маданий иш чаралар уюштурулат. Андай иш чараларда тез жардам кызматы 24 саат кезекте турушат. Биз пансионаттардын жана эс алуу жайлардын жетекчилерине жай мезгилинде кошумча бөлүмдөрдү ачууга каражат бөлүп берүүлөрүн өтүнгөнбүз. Бирок биздин сунушту эч ким колдогон жок”,-деп кошумчалады Жээнбаева.

Пикир

Оставить комментарий