• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Көлдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Чолпон-Ата шаарында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча биринчи кыргыз-орус машыгууларын жайынтыктаган иш-чара өттү.

Аталган иш-чарага Россия Федерациясынын ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Борис Яковченко, Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын Авиация башкы башкармалыгынын башчысынын орун Дмитрий Костюнин, Россиянын Ички иштер министрлигинин, Росгвардиянын, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле россиялык алдыңкы өндүрүүчүлөрү жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргызстандагы программалык кеңсесинин кызматкерлери катышты.

Кыргыз-орус машыгууларынын жабылыш аземинде президенттин администрациясынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, машыгуулар абдан жакшы өткөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, ал БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын ролун, анын Кыргызстандагы программалык кеңсесинин бул ишмердүүлүк чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү процессинин катализатору болгондугун баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда конокторго өкмөттүк сыйлыктар жана ведомстволук медалдар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий