• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев биринчи Элдик курултайдын Жалал-Абад облусундагы делегаттары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактардагы инфраструктура, таза суу, жерлерди трансформациялоо, мал уурулугунун күч алышы, жетишсиз болгон социалдык объектилердин курулушу, калкты тейлөө борборлорунун жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүн уюштуруу тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Облус башчысы жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатканын, республикалык деңгээлде чечилүүчү маселелер боюнча жогорку органдарга сунуштар жиберилип жатканын айтты. Ага катар делегаттар тарабынан көтөрүлгөн кемчиликтерди да жөнгө салуу үчүн тийиштүү жумуштар аткарыларын белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл жыйындын алкагында айтылган ар бир суроого жеринен жооп берди.

Жалал-Абад облусунан биринчи Элдик курултайга жалпы 147 делегат шайланган. Алар Бишкек шаарында президенттин катышуусунда өткөн курултайда 20га жакын облустагы эң орчундуу көйгөйлөрдү айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий