• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Раззаков шаарында өлкө жетекчилигинин калк менен жолугушуулары уланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы боюнча Баткен облусунун Раззаков шаарында өлкө жетекчилигинин калк менен жолугушуулары уланууда.

Эл менен жолугушууларга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурору Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышууда.

Жолугушууларга ошондой эле президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев, президенттин Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимовдор да катышууда.

Өткөн жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактын социалдык өнүгүүсү, чектеш аймактардын өз ара аракеттенүүсү, жергиликтүү калктын миграциясы, айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин мыйзамга каршы аракеттери фактылары боюнча бир катар маселелерди көтөрүшкөн.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, тургундар көтөрүп жаткан көйгөйлөр тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан тыкыр каралып, арыз ээлерине жыйынтык жооптор берилет.

Эртең ушундай эле жолугушуулар Кызыл-Кыя шаарында да өтөт, ага Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун тургундары катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий