• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткал районунда 300 миң куб кар көчкү тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 300 миң куб кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 01:00 чамасында Чаткал районунун Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырым аралыгына көлөмү 300 миң куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калган.

"Аталган жайда таңкы саат 07:00дөн тартып №27 ЖТИнан бир жүктөгүч тартылып, саат 09:20дан тарта эки тараптуу жол толук кандуу ачылды. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок", - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Белгилей кетсек, аталган автоунаа жолу Чаткал районунун акиминин буйругу менен кечки саат 18:00дөн эртең мененки саат 09:00гө чейин чектөө киргизилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий