• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Жалал-Абад шаарына бюджеттин эсебинен дээрлик 5 миң көчөт отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. 11-мартта Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүнө “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана шаар мэринин буйругу менен жарыяланган үч айлыктын алкагында каштан дарагынын көчөттөрү отургузулду.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, көчөт отургузууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков да катышып, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын көчөт отургузуу, шаардын аймагын тазалоо жумуштарына активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына жергиликтүү бюджеттен 4 миң 775 даана көчөт отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий