• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө ырчы Анжеликага бакты кыюуга уруксат берүүнүн мыйзамдуулугу каралат

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Түптөгү бактын кыйылышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.

“Экологиялык милиция башка тиешелүү кызматтар менен бирге комиссия түзүп, окуя болгон жерге барышсын. Аталган окуя боюнча мыйзамсыздык аныкталса, анда бактын кыйылышына уруксат бергендерге мыйзам чегинге чара көрүү керек”, - дейт Кожоев.

Эскерте кетсек, ырчы Анжелика Кайратова бир катар адамдар менен бирге жол кырсыгына себеп болду делген бакты кыюусу соцтармакта талкуу жараткан.

Пикир

Оставить комментарий