• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүн белгилешти

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө жана 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле салтанат улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн жаштардын жөө жүрүшү менен уланды.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана жергиликтүүлөр катышты.

Пикир

Оставить комментарий