• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдо өспүрүм баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “ВАЗ 231099” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришкендей, окуя 3-мартта саат 20:00 чамасында Карасаев жана Шапак баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан 16 жаштагы өспүрүм жабыркаган.

Аталган факт боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга шектүү делип 20 жаштагы Г.И.Н. аттуу жаран кармалган.

Учурда окуя боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий