• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ысык-Көлдө ЭТУ жана ДЭУнун терс таасирине каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик (ЭТУ) жана диний-экстремисттик уюмдардын (ДЭУ) терс таасирине каршы жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

Атайын кызмат 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында диний кырдаалды жакшыртууга, Укуктук сабаттуулукту жогорулатууга жана диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алууга, салттуу исламды жайылтууга, ошондой эле динге ишенген калкты эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын терс таасиринен коргоого багытталган кеңири алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин улантууда.

Тактап айтканда, 1-мартта УКМКнын демилгеси менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинен атайын чакырылган 3 теологдун: К.Курманхожаев, Ж. Курбанов жана Э. Асылбековдун катышуусунда КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, Жети-Өгүз районунун райондук акимиатында жана Түп районунун Маданият үйүндө жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп, ага мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар, студенттер, мектеп окуучулары (жогорку класстар) жана жергиликтүү имамдар катышты.

Белгилей кетсек, өткөрүлгөн иш-чаралар катышуучулар арасында оң натыйжаларды жана реакцияларды жаратып, диний мүнөздөгү орчундуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, теологдор башка диндерге карата ар кандай зордук-зомбулукту жана мажбурлоону кескин түрдө четке каккан салттуу исламдын негизги принциптерин жеткиришти.

КР УКМК диний кырдаалдын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын идеологиясына каршы күрөшүү максатында ушундай эле иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында улантыларын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий