• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында ун таңкыстыгы жок, баалар туруктуу - Антипонополия

Аймак 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ун таңкыстыгы жок, баалар туруктуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев Жалал-Абад шаарында ундун бааларынын учурдагы абалы менен таанышты. Жумушчу сапарынын алкагында ал ун өндүрүүчү “Дан-Юг” ЖЧКга барып, өндүрүлүп жаткан ундун көлөмү, баасы жана кору боюнча маалымат алды.

"Дан-Юг" ЖЧКнын жетекчисинин айтымында, завод күнүнө 100 тонна ун өндүрүп чыгарын жана азыркы учурда 12 миң тонна буудайдын запасы бар экенин билдирди. Учурда ундун, буудайдын запастары 3-4 айга жетээрин жана буудайды ташып келүү иш-чаралары жүрүп жатканын айтты. "Дан-Юг" ЖЧКнун ун заводунда азыркы учурда 1-сорт 1 кап ундун (50кг) баасы 1500 сомдон, ал эми 2-сорт ундун (50кг) баасы 1100 сомдон сатылып жатат.

Андан ары Мамыралиев Жалал-Абад шаарынын аймагындагы базарларда жана ири соода түйүндөрүндө унга болгон бааларга мониторинг жүргүздү. Сатуучулар азыркы учурда импорттук ундун кымбат келип жаткандыгынан улам нандын баалары жогорулагандыгын билдирип, акыркы күндөрү жергиликтүү өндүрүштөгү унга болгон суроо-талап көбөйгөндүгүн айтышты.

Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан сатуучуларга унга болгон бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий