• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда саат 16:20 чамасында Каракол - Эңилчек унаа жолунун 3-чакырымында Toуota Ipsum жана жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарууга жардам беришкен. Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Ак-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий