• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлгө дагы 200 медик эс алууга жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-август күнү Нарын, Ысык-Көл жана Бишекте 200 медик Ысык-Көлгө жөнөп кеткен. Алар "Алтын жай" пансионатында 7 күн бою эс алып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.

"Аталган иш-чаралар президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий