• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өз өмүрүн татыктуу жашап өттү – Сталбек Алмасбековго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 69 жаш курагында көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алма-Ата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алып, ушул убакка чейин А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти - сахнанын алдыңкы чебери болуп иштеген.

Сталбек Алмасбековдун ысымы биздин республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Жаркыраган, өзгөчө ырчы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган. Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун үнү кооздугу жагынан бай жана кайталангыс тембрге ээ болгон. Ырчынын репертуарында ондогон опера ролдору болгон, алардын арасында: Дж.Вердинин “Аида”, “Отелло” опералары, Ж.Бизенин “Кармен”, П. Чайковскийдин “Пиковая дама”, Р. Леонкаваллонун “Паяцы”, П. Масканьинин “Тоска”, “Сельская честь”, Дж.Пуччининин “Чио-Чио-Сан”, “Джанни Скикки”, А. Малдыбаевдин, В. Власовдун жана В.Ференин “Манас”, “Айчүрөк”, “Токтогул” жана “Ажал ордуна”, ошондой эле С.Осмоновдун “Сепил” ж.б.

Вокалистке белькантонун керемет искусствосунда чыгармачылык идеалды тынымсыз издөө мүнөздүү болгон. Сталбек Алмасбеков көптөгөн эл аралык опера фестивалдарынын катышуучусу болгон, КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы чет өлкөлөргө бир нече жолу гастролго чыккан. Активдүү концерттик жана гастролдук ишмердүүлүктү жүргүзүп, кыргыздын вокалдык өнөрүн татыктуу көрсөтүп, көптөгөн чет элдик театрлар менен кызматташкан.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун демилгеси менен А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 2002-жылы “Дебют” жаш ырчылардын чыгармачылык лабораториясы түзүлүп, анда коомдук башталышта анын жетекчилиги астында бир катар жаш ырчылар даярдалган. Алар өз театр сахнасында, республиканын шаарларында жана мурдагы Советтер Союзунун мейкиндигинде кыргыз опера искусствосун татыктуу көрсөтүп келишет.

Сталбек Алмасбеков өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы – элге жана Мекенге адал кызмат өтөгөн ак эмгектин үлгүсү.

Кыргызстандын татыктуу уулу жана эң мыкты инсаны Сталбек Алмасбековдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.А. Максутов, В.К. Раимбачаева, А.Дж. Джунушалиев, А.К. Эргешов, Э.М. Абдыкадыров, К.О. Иманалиев, Т.Т. Казаков, Т.А. Чокиев, К.Ы. Турапов, А.М. Истамбаев, К.А. Осмонов, К.С. Сартбаева, Р.Н. Чокоева, Э. Молдокулова, Д. Жалгасынова, М.А. Бегалиев, А.А. Нуртазин, Ж.К. Каниметов, С.Ж. Жумашев, У. Полотов, Г. Мамашева, С.М. Садыкова, Ж.О. Кулмамбетов, Н.О. Калыбеков, А.А. Ибраев, С. Жумалиев.

Пикир

Оставить комментарий