• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багында ден соолук эстафетасы өттү

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багында "Дени сак денеде – дени сак рух" деген ураан астында эстафета болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эстафетага муниципалдык аймактык башкармалыктары, дарыгерлер, билим берүү борбору жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан турган 4 команда катышты.

Мелдештер 10 этапта өттү:

- велосипед жарышы,
- картон үстүндө басуу,
- кап менен секирүү,
- чуркоо,
- скейт тебүү жана башкалар.

Эстафетанын жүрүшүндө биринчи орунду дарыгерлер, экинчи муниципалдык аймактык башкармалыктары жана үчүнчү орунду райондук билим берүү борбору ээледи. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө медалдар, жемиш салынган кутулар жана суусундуктар тапшырылды.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий