• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жогорку соттун жетекчилиги Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта, төрага Замирбек Базарбеков башында турган Жогорку соттун жетекчилиги Аксы окуясынын курмандыктарын эскеришти.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, эскерүү иш-чарасына төраганын орун басары Нурлан Мусаев жана орун басарынын милдетин аткаруучу Айнаш Токбаева катышып, Ала-Тоо аянтында жайгашкан 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Эске сала кетсек, 2002-жылы дал ушул күнү Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча Аксы эли нааразычылык жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, натыйжада алты адам каза болгон.

Жыл сайын Жогорку соттун жетекчилиги адилеттик, эркиндик деп өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылышат. Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркулов эскерилет.

Пикир

Оставить комментарий