• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Замирбек Базарбеков Лейлек райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Баткенге болгон иш сапарын Лейлек райондук сотунан баштады. Бул тууралуу ЖС басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага ротациядан кийин соттордун иши менен таанышып, жергиликтүү соттордо кандай көйгөйлөр жаралып жаткандыгын билүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен барды.

Төрага менен бирге Баткен облусуна Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев менен Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев барды.

Төраганы Лейлек райондук сотунун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев башында турган райондук соттун судьялары тосуп алышып, соттун иши менен тааныштырышты.

Аталган сотко Ош жана Талас облустарынан эки судья ротацияланып келген. Замирбек Базарбеков судьяларга иштерди өз убагында, мыйзамда каралган мөөнөттө кароону тапшырды.

Өзгөчө иштердин сапатына көңүл бура тургандыгын айтып, ротацияга чейин каралып баштаган иштер токтоп калбастан, тезинен аягына чыгышын талап кылды. Судьялардын турак-жай менен камсыз болушун сурап, жергиликтүү бийлик органдар менен тыгыз иштөөнү тапшырды.

Ошондой эле төрага соттордун санариптештирүү иштерине дагы кызыкты. Соттордун ачык-айкындуулугун көрсөтө турган аудио жана видео жазуулар, автоматташтырылган маалымат тутуму жана судьялар ортосундагы иштерди тегиз бөлүштүрө турган ишти автоматтык бөлүштүрүү системаларынын иштешин карап чыкты.

Мындан тышкары, аталган соттун аппарат кызматкерлери менен жолугушкан өз сөзүндө, сот кызматкерлерине тиешелүү этиканы бекем сактоону, соттон акыйкат издеп келген ар бир жаранды түшүнүү менен кабыл алууну, коомчулуктун сот тутумуна болгон ишеним эң биринчи ирээтте катардагы сот кызматкерине байланыштуу экенин белгилеп, эмгек жамаатынын андан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий