• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Замирбек Базарбеков Сот департаментинин коллегиясына катышты

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Коллегиянын ишине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, директордун орун басарлары Кубат Черикчиев жана Жылдыз Рыскулова, облустук башкармалыктардын башчылары, бөлүм башчылар жана сот аткаруучулар катышты.

Замирбек Базарбеков сот тутумуна болгон ишенимди жогорулатуу, албетте сот актыларынын аткарылышынан көз каранды экендигин белгиледи.

“Өзүңүздөр күбө болуп тургандай бүгүнкү күндө жалпы сот тутумуна болгон сын-пикирлер арбын. Жалпы Сот департаментинин жана сот аткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарууда өзгөчө көңүл бөлүү мезгили келди деп ойлойм.

Буга чейин эң башкы көйгөй мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы деп келдик эле, ал маселе өлкө башчысынын колдоосу менен чечилип берилди. Бирок, буга карабастан, дагы да болсо сот тутумунун мамлекеттик кызматкерлеринин, сот аткаруучулардын арасында коррупцияга аралашкан фактылар болууда.

Мындай жат көрүнүштөр бүтүндөй сот тутумуна көлөккө түшүрүп жатканын айтпасак дагы белгилүү. Андыктан сот аткаруучулар, мыйзамдуулукту туу тутуп, силерге жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну талап кылам”, - деп билдирди төрага коллегияда.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Сот департаментинин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары жана бөлүм башчылары доклад жасашты.

Жалпысынан өткөн жылы республика боюнча 424 289 сот актыларын аткарууга документтер келип түшкөнү маалым болду. Республика боюнча 2021-жылга салыштырмалуу аткаруу өндүрүшү 2022-жылы 10 %га жогорулаган.

Коллегияда Сот департаментинин директору Медербек Сатыев аткаруу документтеринин толук жана өз убагында аткарылышын камсыз кылып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, калкка ак ниет жана сапаттуу кызмат көрсөтүп, жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга бардык аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий