• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбек жараны Кыргызстанга 1,3 млн рублди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Өзбекстандын жараны "Достук" өткөрмө пунктунан Кыргызстанга 1 млн 330 миң рублди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Оперативдүү" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө "Достук" алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз акча каражатын өткөрүүгө аракет кылган өзбек жараны П.Х.М.ны токтотушкан.

Кармалган жарандын мызамсыз алып өтүүгө аракет кылган акча каражатынын жалпы суммасы 1 млн 330 миң рублды түзгөн.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн КР транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий