• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекет “Каприз” жана “Карвен 4 сезондун” акцияларынын үлүшүн сатууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Мамлекет жакын арада Ысык-Көлдөгү “Каприз” жана “Карвен 4 сезон” эс алуу жайларынын акциясынын үлүшүн сатыкка коюуну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Канатбек Тургунбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин акционерлердин жыйыны өткөн.

“Аталган объектилер менчиктештирүү программасына киргизилет. Базар баасы туура келсе, сатууга аракет кылабыз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттин үлүшү “Карвен 4 сезон” эс алуу жайынын акцияларында 33,3 пайызды, “Каприз” эс алуу жайынын акцияларында 28 пайызды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий