• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан 2021-жылы жез сатуудан 2,5 миллиард доллар тапты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Өзбекстан быйыл 148,5 миң тонна жез сатып, 2,5 миллиард доллар пайда тапты. Бул тууралуу Алмалык тоо-металлургиялык комбинатынын билдирүүсүндө айтылат.

Ишкана 2029-жылга карата "Ёшлик-1" кенин иштетүү менен жез өндүрүшүн 400 тоннага жеткирүүгө ниеттенип жатат. Эгер мындай болсо аны сатуудан 7-8 миллиард доллар түшөт деп болжолдонууда. Мындан тышкары "Ёшлик-1" кенин иштетүүдө жезден сырткары 50 тонна алтын жана 270 тонна күмүш өндүрүлөт.

Комбинат 2030-жылга карата жезге болгон дүйнөлүк суроо-талап 40 пайызга жогорулай турганын билдирүүдө.

Отчётко ылайык, Өзбекстан жездин 60-70% чет өлкөлөргө сырьё түрүндө сатып жатат.

Быйыл июлдун аягында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Алмалык тоо-металлургиялык комбинатындагы үчүнчү байытуучу фабриканын курулушун баштап, пайдубалына капсула салган.

Расмий түрдө комплекс 2024-жылы ишке берилип, жалпысынан 6 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. 4,894 миллиард долларга бааланып жаткан үчүнчү жез байытуучу фабриканын кубаттуулугу 60 миллион тонна жез-молибден кенин түзөт.

Пикир

Оставить комментарий