• 84.8
  • 95.69
  • 1.15

Өзбекстан чет өлкөлөрдөн 11 миңдей жаранын алып келүүнү пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Өзбекстан Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдөн 11 миңдей жаранын кайтаруу чараларын көрүүдө. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 7-майдагы жыйын учурунда билдирди.

«Силер билесиңер, көптөгөн өлкөлөрдө Өзбекстан жарандары калып калды. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аларды алып келишибиз керек. Биз Орусиядан, Түркия, Дубай жана башка мамлекеттерден жарандарыбызды алып келүүнү пландап жатабыз. Алардын ичинен 11 миңдей адамдын шарты оор. Биз аларды биринчи кезекте алып келүү үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз», — деди Мирзиёев.

Өзбек лидери Өзбекстанга чартердик каттам менен келгендердин арасында коронавирус инфекциясын жуктургандар болгонун айтып, коопсуздук чараларын көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өзбекстанда ушул тапта 45 миңдей киши карантинде.

Пикир

Оставить комментарий