• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан КМШ өлкөлөрү менен бирге чек ара коопсуздугун камсыздоого даяр

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Өзбекстан бийлиги Тажикстандын чек ара маселелери боюнча тынчсыздануусун түшүнөт. Бул тууралуу Өзбекстандын коргоо министри, генерал-майор Абдусалом Азизов орусиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда билдирди. Маек 12-октябрда Дүйшөмбүдө өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Жыйынга Россия, Беларус, Казакстан, Армения, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстандын коргоо министрлери, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы катышты.

Абдусалом Азизов Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн түштүктөгү чек араларын коргоону камсыздоого катышарын билдирди.

“Биздин дагы Ооганстан менен чек арабыз бар. Тажикстан же Кыргызстанда бир нерсе болсо – ал сөзсүз түрдө Өзбекстанга да кедергисин тийгизет. Себеби бул жер бир организм. Айрым аймактарда такыр эле чек ара жок. Ошондуктан бул багытта эриш-аркак кызматташууну уюштуруу жана камсыздоо өтө маанилүү”, - деди Абдусалом Азизов.

Өзбекстандын коргоо министри акыркы жыйырма жылдан бери Тажикстанга биринчи жолу келди.

Дүйшөмбүдө өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынында Куралдуу күчтөрдүн 2018-жылдагы бирдиктүү иш-чараларынын планы кабыл алынды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий