• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан коронавируска байланыштуу чек араларын жапты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Өзбекстандын Атайын комиссиясы COVID-19 инфекциясын жайылтууга жол бербөө үчүн коопсуздук чараларын күчөттү.

Комиссиянын маалыматына караганда, 23-мартта чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер жабылды. Өлкөдөн чет өлкөлүк жарандардын чыгышына гана уруксат берилип жатат.

Бүгүн, 23-марттан тарта мекеме-ишканалар аралыктан иштөө режимине өттү, кызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүгө чыгышы керек.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирусту жуктурган 46 учур катталды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бейтаптардын баары тыкыр медициналык көзөмөлдө, абалдары орто. Алардын туугандары оорукана же үй карантининде. Коронавируска чалдыккан биринчи бейтаптардын саламаттыгы жакшырууда.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталан.

Пикир

Оставить комментарий