• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан космодромдун курулушу үчүн Россияга жумушчуларды жөнөтө баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Өзбекстан Восточный космодромун куруу үчүн Россияга 1466 мигрант жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Өзбекстандын Эмгек миграциясы боюнча агенттигинин өкүлү Ортикхужа Норов жалпысынан Восточный космодромунун курулушуна 5 миң өзбек жумушчусун жөнөтүү пландалып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчуларды Россиянын Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери тандайт — алардын саламаттыгы жана Россияга кирүүгө тыюу салынган-салынбаганы текшерилет.

Буга чейин Россиянын курулуш министринин орун басары Никита Стасишин жакында Өзбекстандан 10 миң жумушчуну алып келүүнүн жол-жобосу бекитиле турганын, аларга "Спутник Light" вакцинасы сайыларын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий