• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан, Кытай, Монголия жана Кыргызстандын акындары Атырауда айтышка катышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Атырауда “Кайра жаңырган Казакстан” аталыштагы эл аралык айтыш старт алган. Бул тууралуу “Казинформ” Атырау облусунун акиминин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Кытай, Монголия, Кыргызстан жана Казакстандын аймактарынан келген 20 жакын акын катышууда.

Калыс тобунун катарында белгилүү ишмерлер Асанали Аашимов, Есенгали Раушанов, Мереке Кулкенов, Бауыржан Халиолла, Алтынбек Коразбаев жана Светкали Нуржандар бар.

Аймак башчысы Нурлан Ногаев бардык катышуучуларга ийгилик каалап, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий