• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда май куюучу жайларда күндүз газ сатып алууга чектөө киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Өзбекстандын Энергетика министрлиги автоунааларга газ толтуруучу айрым компрессордук станциялардагы күндүзгү чектөөлөр боюнча маалымат берди.

Буга чейин жергиликтүү журналисттер Самарканд облусундагы метан толтуруу станцияларында күндүз газ сатууга чектөөлөр киргизилгенин билдиришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, жаратылыш газын бөлүштүрүү – өкмөттүн 2018-жылдын августундагы токтому менен бекитилген көгүлтүр отунду пайдалануу эрежелери тууралуу жобонун алкагында ишке ашыруулады.

Бүгүнкү күнгө карата "Худудгазтаъминот" компаниясы өлкөдөгү 1 173 компрессордук станцияга 2,5 миллиард куб газ жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 106 миллион куб метрге көп.

"Мындан тышкары газдын бир сааттык, бир суткалык, бир айлык жана бир жылдык көлөмү газ куурларынын өткөрүү мүмкүндүктөрүн эске алуу менен аныкталат. Газдын көлөмү керектөөчүлөрдүн билдирмесинин негизинде түзүлөт жана алар менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлөт", – деп жазылган билдирүүдө.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, керектөөчүлөр газдын кошумча көлөмүн сурап кайрылса болот. Газ менен камсыз кылуу уюмдары газ ресурстарынын балансын жана газ бөлүштүрүү мүмкүндүктөрүн эске алуу менен жарандардын билдирмелерин кайрадан кароого укуктуу болушат.

Пикир

Оставить комментарий