• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда кыргыз киносунун күндөрү башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 26.10.18. /Кабар/. Ташкенттеги Алишер Навои атындагы искусство сарайында кыргыз киносунун күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган иш-чарага катышкан “Кабар” агенттигинин кабарчысы билдирди.

Кыргыз делегациясынын башчысы, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бакыт Секимов өзүнүн куттуктоо сөзүндө учурда Кыргызстандын жана Өзбекстандын башчыларынын саясий эркинен улам кыргыз-өзбек мамилелери коомдук жашоонун бардык тармактарында – анын ичинде киноискусство тармагында динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгиледи.

“Өзбекстандагы кыргыз киносунун күндөрү биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кылат”, - деди кыргыз делегациясынын башчысы.

“Өзбекстандагы кыргыз киносунун күндөрүнүн программасында Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай”, Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка”, Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма” жана Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмалары Ташкенттин жана Самарканддын кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Иш-чара 28-октябрга чейин улантылат.

Пикир

Оставить комментарий