• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Мазари-Шарифтеги аэропортту калыбына келтирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Өзбекстандык адистер тобу "Мавлоно Жалолиддин Балхи" эл аралык аэропортунун кызматкерлерин окутуу үчүн Афганистандын Балх провинциясына жөнөп кетти.

Бул тууралуу Өзбекстандын Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев Балхта талибдер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал 30 техникалык кызматкер Мазари-Шарифге аэропортту калыбына келтирүү үчүн жөнөтүлгөнүн айтты. Иргашев Өзбекстан Афганистанга ар кыл тармакта, өзгөчө инфраструктура жаатында колдоо көрсөтүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

Бул арада аэропорттун 83 кызматкери окуу үчүн Өзбекстанга келери айтылды.

Балх провинциясынын губернатору Кудратулла Абу Хамзанын айтымында, өзбек делегациясы менен темир жолду оңдоо жана электр кубаты менен камсыздоо маселеси да талкууланды. Ал өлкөдө банк системасы иштегенден кийин талибдер карыздан кутуларын билдирип, Ташкентти электр кубатын жеткирүүнү токтотпоого үндөдү.

Өзбекстан делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Талибан өкмөтүн расмий түрдө дүйнөдөгү бир дагы өлкө тааный элек.

Пикир

Оставить комментарий