• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада антироссиялык санкциялардын таасирин иликтөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Казакстандын Энергетика министрлиги Орусияга каршы киргизилген америкалык жаңы санкциялардын мунайгаз долбоорлоруна тийгизе турган кесепеттерин иликтөөдө.

АКШнын санкциялары Орусиянын мунайгаз жана банк секторлоруна дагы тиешелүү, бул Казакстандын Энегретика министрлигин тынчсыздандырууда. Tengrinews агенттиги кабарлагандай, министрлик Каспий деңизинин Орусияга тиешелүү бөлүгүндө ишке ашып жаткан долборлордун тобокелчиликтерин иликтөөдө.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 7-августта өкмөт башчы Бакытжан Сеитовду кабыл алып, санкциялар казак экономикасына таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскерткен.

Энергетика министрлиги кабарлагандай, Карачаганак долбоору коркунучтан тышкары, бирок Каспий өткөрмө түтүктөр консорциумун кеңейтүү пландары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Себеби акциялардын басымдуу бөлүгү орус тарапка тиешелүү.

АКШ Конгресси өткөн айдын соңунда Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага президент Дональд Трамп кол койгон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий