• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан мектептеринде быйыл жыйынтыктоочу сынактар болбойт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.05.20./Кабар/. Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги быйылкы окуу жылында мектептерде жыйынтыктоочу сынактар болбой турганын жарыялады.

Окуучулардын жалпы окуу жылындагы жетишкендиктеринин негизинде жыйынтыктоочу баа коюлат.

Расмий маалыматта бул чечим өлкө президентинин тапшырмасы менен карантин маалында элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынганы айтылат.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталгандан кийин 16-марттан тартып бардык мектептерде карантин жарыяланган. Окуучулар аралыктан окуй башташкан.

Өкмөттүк атайын комиссия 14-майда карантин кеминде 1-июнга чейин созуларын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий