• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда акыйкатчынын жардамы менен эрте никеге туруу учуруна бөгөт коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Өзбекстандын балдар акыйкатчысы Сурайё Рахмонованын Кашкадарыя облусуна жасаган сапары учурунда Касан районундагы үй-бүлөлөрдүн бири 18ге чыга элек кызын турмушка берип жатканы аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынтыгында ал үйлөнүү той жана ага байланышкан бардык иш-чаралар токтотулуп, расмий нике күбөлүгү жок жаштарга нике кыйган дин кызматчысын "жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлдү".

"Облустагы Кукдали, Касбин жана Касан райондорунда жыйындар өткөрүлүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга эрте никеге туруунун социалдык жана укуктук кесепеттери тууралуу айтылды. Ар бир мааледе, мектепте кыздарды эрте турмушка берүү учурлары текшерилүүдө. Процесс башталды. Бул жерде адамдарга мыйзамдын талаптарын жеткирүү жана алардын кыздарга карата кылымдардан бери калыптанып калган көз караштарын өзгөртүү өтө маанилүү", – деди Сурайё Рахмонова "Газете.uz" басылмасына берген маегинде.

Өзбекстанда Үй-бүлөлүк кодекстин 15-беренесине ылайык, эркектер менен кыздар 18 жаштан кийин гана турмуш кура алышат. Кыздын боюна бүтүп калган, бала төрөлгөн же жуптардын бири ишке жарамсыз деп табылган учурларда жергиликтүү бийлик жаштардын өтүнүчү менен нике курагын бир жылдан ашык эмес төмөндөтө алат.

Кылмыш кодексинин 125-беренесинде никеге туруу тартибин бузуу үчүн 20дан 150гө чейинки базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөтүү, 400 саатка чейин коомдук жумуштарды аткартуу же 2ден 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган. Ошол эле маалда мыйзамда жашы жете электерди никеге турууга мажбурлоо үчүн жоопкерчилик жок.

Пикир

Оставить комментарий