• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургга келди

Президент 0


Бишкек, 24.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту "Пулково" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий