• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент 0

Бишкек, 24.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарында Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия Экономикалык Бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, жыйындын алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Пикир

Оставить комментарий