• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык жасалгалардын өрт коопсуздугу текшерилди

Коом 0

Бишкек, 24.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык жасалгалардын өрт коопсуздугу текшерилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин өрттү көзөмөлдөө кызматкерлери "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биргеликте аянттагы көз жоосун алган балатылар, жарыктар, гриляндалар, түстүү жаркырактардын талапка ылайык орнотулушу, электр чубалгылары, жол жээгиндеги тез татымдардагы газ баллондордун абалын текшеришти.

Ошондой эле адистер убактылуу орнотулган тамак сатуучу жайдын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, нускамаларды таратышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер эрежеге ылайык орнотулбаган газ баллондорду жана электр энергиясын өткөргүчтөрдү аныкташып, тез арада жоюу боюнча акты түзүлүп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий