• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызпатент Кыргыз экономикалык университетинин базасында бизнес инкубатор ачты

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Кыргызпатент тарабынан М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин (КЭУ) базасында кезектеги бизнес инкубатордун ачылышы болуп өттү.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Open day КЭУнун ректору Алмаз Кыдыралиев ачып берди. Кыргызпатентке караштуу ИММФнын аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев бизнес-инкубатордун иштөө принциптери тууралуу баяндап берди.

IT Academy генералдык директору Арген Дарманов, Mares компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Саратов жана “Бакубат Капитал” кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ коомунун түзүүчүлөрүнүн бири, КЭУнун бүтүрүүчүсү Руслан Ашимовдор ар түрдүү стартап-долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, стартаптын негизги философиясын белгилеп өтүштү.

Иш-чаранын алкагында интерактивдүү викторина уюштурулуп, Бизнес-инкубатордун салтанаттуу ачылыш аземи менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага КЭУнун окутуучулары жана студенттери, Кыргызпатенттин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү, стартапчылар катышты.

Иш-чара Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда бизнес-инкубатордун арактикалык ишин жандандыруу долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бизнес-инкубатордун ачылышынын максаты - конкреттүү чөйрөдө студенттерди бизнестин реалдуу технологиясы тууралуу окутуу (маркетинг, продукту алгылатуу, бизнести монетизациялоо методдору, жарнама ж.б.).

Кийинки ачылыш 29-апрель күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий