• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда атайын кызматтын полковниги 16 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракулов 16 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Ага мындан тышкары 81 млн. сум ($9,7 миң) айып пул салынган. Өкүм 2018-жылы 25-октябрда чыккан.

«Эзгулик» укук коргоо коомунун башчысы Абдурахмон Ташанов билдиргендей, Нодир Туракулов кызмат абалынан кыянат пайдалануу, паракорчулук, алдамчылык, опузалоо беренелери боюнча күнөлүү деп табылып, 16 жылга түрмөгө кесилген.

Нодир Туракулов менен бирге атайын кызмат, прокуратура, милиция жана ишкерлерден турган 12 киши соттолгон.

Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракулов 2018-жылы 22-январда Ташкентте кармалган. Тергөө материалдарына ылайык, кызмат абалынан пайдаланган полковник сурхандарыялык эки фирманын, андан тышкары Ооганстандан жөнөтүлгөн автоунааларды өзүнө менчиктеп алган. Тергөө учурунда атайын кызматтын мурдагы офицеринин атасынын наамына катталган унаалар чыныгы ээлерине кайтарылып берилген.

Туракулов камалгандан кийин атайын кызматты 23 жыл башкарган генерал Рустам Иноятов отставкага кеткен. Анын ордуна Өзбекстандын башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев дайындалган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен камалган Нодир Туракулов мурдагы башкы прокурор Рашиджон Кадыровдун күйөө баласы болгон.

Пикир

Оставить комментарий