• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда катталган жер титирөө Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Өзбекстандын аймагында жер титирөө катталып, ал Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 12:29да Өзбекстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Достук, Кулунду, Жаңы-Жол айылдарында 3 балл, Тогуз-Булак, Восточный, Маданият, Катраң, Кара-Суу, Булак-Башы айылдарында, Сүлүктү шаарында, Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Үч-Дөбө, Рават айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Пикир

Оставить комментарий