• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 46,4 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 46 миң 498 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 571 жаңы учур катталды. Ал эми 468 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 42 миң 555 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 380 бейтап каза болду. 3 миң 93 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий