• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үч ай ичинде коомдук транспортторго жарым млн сомдон ашуун айып салынды - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Үч ай ичинде коомдук транспортторго жарым млн сомдон ашуун айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, патрулдук милициянын жана КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорттук инспекциянын кызматкерлери менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттордун санитардык абалын текшерип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

"Чектөөлөр киргизилгенден тартып, 1-июндан 10-сентябрга чейин санитардык текшерүүдөн 3 миң 981 транспорттук каражат өткөрүлүп, 284 протокол түзүлүп, айыппулдун жалпы суммасы 519 миң сомду түздү", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы шаардыктардан санитардык эрежелерди сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий