• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

СOVID-19: Кыргызстандын ооруканаларында 517 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын ооруканаларында 517 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, үй шартында 2 миң 54 адам дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 67 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 828ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 779 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий